Facebook жыл ичинде кызыл чеке жараткан темаларды жарыялады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүү"Фейсбук" социалдык тармагынын логотиби. Архив
Фейсбук социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге АКШ президенттигине болгон жарыш, Париждеги кырсык жана террорчуларга каршы күрөш кирген.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Социалдык тармактын алпы болгон Facebook 2015-жыл аралыгында көп талкууга алынган темалардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, АКШ президентинин өтпөй калган шайлоосу коомчулукта укмуштуудай таң калууну жараткан. Экинчи орунда жакында эле Францияда болуп өткөн теракт ээлеген. Тизменин үчүнчү сабына талдоочулар Сириядагы согуш менен качкындардын массалык агымын чыгарган.

Facebook  социалдык тармагынын ээси Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздуу болгон Цукерберг 45 миллиард долларды кайрымдуулукка жумшайт
Мындан тышкары, Непалдагы жер титирөө, Россиянын ДАИШке каршы күрөшү, Грециядагы экономикалык кризис жана террорчулардын Франциянын Charlie Hebdo басылмасына чабуулу пайдалануучуларды кызыл чеке кылып "мушташтырган" окуя катары бааланган.

Facebook администрациясы белгилүү саясатчылардын тизмесин да жар салган. Ага ылайык, сап башында Барак Обама менен АКШ президенттигине талапкер Доналд Трамп турат. Ал эми тасмалар боюнча "Звездные войны: Пробуждение силы" жана "Игры престолов" фильмдери эң көп талкууга алынган.

Белгилүү артист наамына Эд Ширан, Тейлор Свифт жана Канье Уэст татыктуу болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0