БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн көз карандысыздыкты коргоо үчүн колдонууга даяр суутек бомбасы бар экенин билдирди.
"Өлкө өзү жасаган атомдук жана суутек бомбаларын өзүнүн көз карандысыздыгын жана улуттук аброюн ишеничтүү коргоо үчүн таштоого даяр кубаттуу өзөктүк мамлекет боло алды", — деген Түндүк кореялык лидери Ким Чен Ындын сөздөрүн Кореянын борбордук телеграфтык агенттиги билдирди.
"Биз мындан ары да өлкөбүздү бир да душман көкүткөнгө батына албаган кубаттуу мамлекет кылып кура алабыз", — деп кошумчалады Түндүк Корея лидери Пхеньяндагы тарыхый-революциялык даңктуу жерлердин бирине барган учурда.
Түндүк Корея 2005-жылы өзүн өзөктүк мамлекет деп жарыялаган. 2006-, 2009- жана 2013-жылдары эл аралык коомчулук тараптан нааразылыктарды пайда кылган жер алдындагы өзөктүк сынактарды өткөргөн. 2012-жылдын декабрында "Кванменсон-3" спутнигинин экинчи модификациясы менен "Ынха-3" ракетасын коё берүү ишке ашырылган. Көпчүлүк өлкөлөр, биринчи кезекте, Япония, АКШ жана Түштүк Корея иш жүзүндө континенттер аралык баллистикалык ракета сыналды деп кооптонушууда.