Наркобарон ДАИШ террорчуларына сөөмөй кезеди

© AFP / RONALDO SCHEMIDTМексикалык наркобарон Зоакин Гусман Лоэранын маскасы кийим фабрикасында. Архив
Мексикалык наркобарон Зоакин Гусман Лоэранын маскасы кийим фабрикасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мексикалык көпөс ДАИШтин кылмыштуу топко тиешелүү баңгизаттын партиясын жок кылганын угуп аябай жинденген.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Корто" каймана аты менен белгилүү болгон мексикалык наркобарон Зоакин Гусман Лоэра ДАИШ террористтик тобунун мүчөлөрүн коркутуп жатканын Cartel Blog порталына шилтеме берүү менен РИА Новости билдирди.

Баңги-зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баңги затты Кыргызстан аркылуу Россия менен Казакстанга жөнөтүүчү транзиттик жол буулду
Маалыматка ылайык, "Синалоа" уюмунун башчысы мексикалык кылмыштуу топко тиешелүү баңгизаттын партиясы жок кылынганын укканда аябай каарына келген. Террорчуларга багытталган билдирүүсүндө Корто уюмдун ишине кийлигишип ДАИШ чоң жаңылыштык кетиргенин айткан. "Баалуу жүктүн" кайда кантип жок кылынганы белгисиз, бирок акыркы жылдары Латын Америкасынын ири наркобарондору Жакынкы Чыгыш аймагында иштеп келишкени маалым.

Билдирүүдө Кортонун адамдары террорчулар кийинки операцияларга кийлигише берсе баарын "төлөтүп" алары айтылат. 

"Синалоа" ири уюмунун башчысы Мексикадагы "Альтиплано" түрмөсүнөн 1,5 чакырымдык жер алдындагы тоннель аркылуу 12-июлга караган түнү качып чыккан. Ошондон бери ал бийликтин издөөсүнө алынган. Аны кармоо боюнча операция Дуранго жана Синалоа штаттарынын чек арасындагы тоолуу райондордо жүргөн. Буту жана бетинен жараат алган Зоакин Гусман Лоэра из жашырып кете алган. 

"Ислам мамлекети" (ДАИШ) уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0