Керри кийинки жумада Путин менен жолугууну көздөп жатат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүГоссекретарь США Джон Керри. Архивное фото
Госсекретарь США Джон Керри. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Парижге болгон иш сапары учурунда Москвага келүүнү пландап жатканын билдирди. Ал ошондой эле, Россиянын президенти Владимир Путин менен жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кийинки жумада Россияга келип, Сирия жана Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ниеттенип жатканын Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиги билдирди. 

Керри АКШ Азимжан Аскаровго сыйлык эмне үчүн бергенин саймедиреди
Агенттиктин маалыматы боюнча, Парижге келген Керри Москвага "бир жумадан" кийин бара турганын айтып, Владимир Путин менен жана тышкы иштер министр Сергей Лавров менен жолугууну көздөп жатканын белгилеген.

Ассошиэйтед Пресс агенттигинин билдиришинче бул Керринин бир жылда Россияга болгон экинчи сапары болушу ыктымал. Керри акыркы жолу май айында Россиянын Сочи шаарында болгон жыйынга келип, Путин жана Лавров менен жолуккан. 

Ал арада Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москвага келүүнү пландап жаткан Керри менен Путиндин жолугушуу ыктымалдыгын четке каккан жок, деп жазат Sputnik Türkiye маалымат агенттиги.

Жаңылыктар түрмөгү
0