Талапкер Трамп мусулмандар жөнүндө айтканы үчүн шайлоодон четтетилиши мүмкүн

© Sputnik / Александр Имедашвили / Медиабанкка өтүүАКШнын президенттигине Республика партиясынан талапкер болгон Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенттигине Республика партиясынан талапкер болгон Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп мусулмандарды өлкөгө киргизбөө керектигин айткан. Мындай билдирүүнү ал Калифорниядагы атышуудан 14 киши каза болгондон кийин жар салган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ак үй АКШнын президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер болгон Дональд Трампты мусулмандар тууралуу айткандарынан улам шайлоодон четтетүүгө чакырды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирет. 

Миллиардер Трамп дүйшөмбү күнү сүйлөгөн сөзүндө мусулмандарды өлкөгө киргизбөө керектигин айткан. Трамп Барак Обаманын качкындарды АКШга кабыл алууда алардын динине карап бөлүп кароого болбойт деген телекайрылуусуна жооп катары айткан.

Республикачылар партиясынан АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп эгер жеңишке жетсе, Россия менен мамилени "мыкты" кыларына сөз берип жатат
Саясатчы мындай билдирүүсүн Калифорнияда болгон окуядан кийин бир канча күн соң айткан. Сан-Бернардино шаарында атышуудан улам, 14 киши каза болуп, 21и жаракат алган. АКШнын атайын кызматы бул аракеттери теракт деп баалап, шектелгендер экстремисттик көз карашты тутунгандар деп сыпаттаган.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест талапкердин мындай билдирүүсү "мазактоо" болгонун кыйыткан.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча миллиардердин мындай билдирүүсү социалдык тармакта катуу талкууга алынган. Улуу Британиянын бир катар активисттери Трамптын өлкөгө киришине чектөө коюу керектигин талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0