Памела Андерсон апрель айында Россияга кайтадан келет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүГолливуддун атактуу актрисасы Памела Андерсон. Архив
Голливуддун атактуу актрисасы Памела Андерсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер Россия убада берген болсо ал сөзүнө турат деген пикирин жаныбарлардын укугун коргогон голливуддун атактуу актрисасы Памела Андерсон Кремлда билдирди. Ал апрель айында кайтадан Россияга жолборс форумуна келем деп сөз берди.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жаныбарлардын укугун коргогон голливуддун атактуу актрисасы Памела Андерсон дүйшөмбү күнү Кремлда киттерди коргоо боюнча маселени талкуулап, апрель айында Россиягы жолборс форумуна катышуу үчүн кайтадан келе турганын билдирди.

"Мен Россияга дагы келүүнү пландап жатам. Апрель айында бул жакта жолборс форуму өтөт. Ошого келем", — деди ал.

Андерсон ошондой эле, 2014-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин чечими менен дүйнө жүзү боюнча тюленди кармоо 95 пайызга токтогонун сыймыктануу менен билдирди.

"Россия сөз берсе, сөзүнө турарын мен билем",— деди ал.

Ошол эле учурда экзотикалык жаныбарларды үй шартында кармоого Россияда укук берилгенин өтө таң калуу менен кабыл алганын жашырган жок.

"Бул чынбы?" деп таң калган актриса АКШда мындай аракеттерге тыюу салынганын, себеби жаныбарлар жапа чегишерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0