Финндердин өкмөт башчысы орун жоктугунан ажатканада отуруп сапарын уланткан

© AFP / THIERRY CHARLIERФинндердин өкмөт башчысы Юха Сипиля. Архив
Финндердин өкмөт башчысы Юха Сипиля. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигитчилик кылган 54 жаштагы премьер-министр жубайын бош орунга отургузуп, өзү ажатканага жайгашкан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Финляндиянын премьер-министри Хельсинкинин түндүк тарабындагы жолугушуусу узарып кеткендиктен, учакта орун калбай бир саат бою ажатканада отуруп учуп келгенге аргасыз болгон.

Уругвайдын президенти үчүнчү ирет учактагы бейтапка медициналык жардам берди
Финляндиянын Helsingin Sanomat гезити финндердин өкмөт башчысы Юха Сипиля Хельсинкиде саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо боюнча реформаларды талкуулап жатып, рейсине кечигип калганын жазат.

Аны менен кошо жубайы Минна Мария Сипиля жүргөн. Башка чарасы калбаган жубайлар Оулу шаарына кете турган учактан бир орунга макул болушуп, 54 жаштагы премьер-министр жубайын бош орунга отургузуп коюп, өзү  бир саат бою туалеттин кабинасына отуруп учуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0