Дагы бир исламчыл радикалдык уюм Малидеги теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды

© REUTERS / JOE PENNEYМалиде терактдан кийин абал. Архив
Малиде терактдан кийин абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
MLF радикалдык исламисттер Борбордук жана Түштүк Африкада болгон бир катар чабуулдар үчүн айыптуу делет. Малининин борборундагы Radisson мейманканасына кол салуудан 19 адам курман болуп, жетөө жаракат алган. Курман болгондордун арасында алты россиялык жаран бар.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. MLF радикалдык исламисттик тобу Малинин борбору Бамакодогу мейманканага кол салгандык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды деп билдирет Рейтер агенттиги France International радиосуна таянуу менен.

Площадь Таймс-сквер в Нью-Йорке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
CNN:"Ислам мамлекети" Нью-Йоркто теракт уюштурабыз деп коркутууда
Жума күнү он чакты согушкер Малинин борборундагы Radisson мейманканасына кол салып, 170 кишини барымтага алган. Коопсуздук күчтөрү колго түшүрүлгөндөрдү бошотуп, өлкөнүн президенти Ибрагим Бубакар Кейта кол салуудан 19 адам каза таап, дагы жети киши жарадар болгонун жана эки согушкер жок кылынганын билдирди. Курман болгондордун алтоо — россиялыктар.

Мурда кабарлангандай, кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекетине" берилгендигин билдирген "Аль-Мурабитун" террористтик тобу өзүнө алган эле.

Агенттиктин маалыматы боюнча, MLF исламисттик тобуна Борбордук жана Түштүк Африкада болгон бир катар чабуулдар үчүн жоопкерчилик ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0