"Ислам мамлекетинин" лидери жөнүндө маалымат үчүн беш миллион доллар сайылды

© AFP / JM LOPEZИслам мамлекетинин желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" башчыларынын бири Абу Мухаммад эш-Шимали Европадан, Түндүк Африкадан жана Араб жарым аралынан Сирия менен Иракка карай контрабанданы, акча которууларды, товар ташууларды башкара тургандыгы айтылат.

БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Америка "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик уюмунун лидерлеринин бири Абу Мухаммад эш-Шимали жөнүндө маалымат үчүн беш миллион доллар сыйлык жарыялаганын АКШнын мамлекттик департаменти билдирет.

Департаменттин маалыматына ылайык, эш-Шимали ИМдин иммиграция жана логистика боюнча комитет башчыларынын бири жана чет элдик согушкерлердин Түркиянын Газиантеп шаарынан Сириянын Жераблус шаарына барышына жооп берет.

"Эш-Шимали жана ИМдин иммиграция жана логистика боюнча комитети Европадан, Түндүк Африкадан жана Араб жарым аралынан Сирия менен Иракка карай контрабанданы, акча которууларды, товар ташууларды жөнгө салып турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, эш-Шимали 2014-жылы Австралиянын, Европа биримдиги жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жарандарына Сирияга жетүүгө жардам берген. Ошондой эле ал ИМдин Сирияда жаңы согушкерлерди кабыл алуу борборун да башкарчу. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу 

 Sputnik инфографикасында көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0