Грузиянын банкын оюнчук тапанча менен тоноп кетишти

© flickr.com / Joe LoongОюнчук. Архив
Оюнчук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракеттер үчүн кылмышкерлер беш жылдан жети жылга чейин соттолушу мүмкүн. Банктан канча сом уурдддалганы азырынча тактала элек.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бет кап кийген белгисиз үч киши оюнчук тапанча менен Грузиядагы банктардын бирин тоноп кетишкенин Sputnik Грузия билдирди. 

Кылмышкерлер банкты 18-ноябрда тоноп, из жашырып кеткен.

"Азырынча канча акча уурдалганын так билбейбиз. Текшерүү жүрүп жатат. Эң башкысы эч ким жапа тарткан жок. Алар курал менен киришкен, бирок ал чыныгы тапанча болбогону бизге маалым болду", — дейт банктын маркетинг бөлүмүнүн директору Нато Бочоришвили.

Аталган факты боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Банкты тоногондор беш жылдан жети жылга кесилиши мүмкүн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0