Окумуштуулар рак шишигинин бар-жогун эми кандын тамчысынан аныктай алышат

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЛабораториянын жумушчусу. Архив
Лабораториянын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер ракты аныктап, классификациялоо үчүн тромбоциттердин рибонуклеин кислотасын анализдөөнүн негизиндеги тест түзүштү. Окумуштуулар 283 адамдын канын алып, аталган тесттин жардамы менен рактын түрдүү формаларын аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу бир тамчы кандын жардамы менен адамдын организминде рактын клеткалары бар-жогун дээрлик 100 пайыз так аныктай турган тести ойлоп табышты деп айтылат Cancer Cell журналында жарык көргөн макалада.

Швеция, АКШ жана Нидерланд өлкөлөрүнүн адистери ракты аныктап, классификациялоо үчүн тромбоциттердин рибонуклеин кислотасын анализдөөнүн негизиндеги тестти түзүп, анын жардамы менен 283 адамдын канынан рактын түрдүү формаларын аныктап чыгышкан. 

Алынган маалыматтарды клиникалык анализдер менен салыштырып, жаңы тест 96 пайыз так экендигине ынанышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0