"Аэрофлот" 1-декабрдан тарта Россия менен Египеттин ортосундагы аба каттамдарын токтотот

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүү"Аэрофлот" авиакомпаниянын Airbus учактары. Архивное фото
Аэрофлот авиакомпаниянын Airbus учактары. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва менен Египеттин ортосундагы учууларды убактылуу токтотуу жана каттамдарды этабы менен кыскартуу кышкы расписание аягына чыкканга чейин 2016-жылдын 27-мартына дейре уланат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Аэрофлот" 1-декабрдан тарта Россия менен Египеттин ортосундагы каттамдарын толугу менен токтото турганын авиакомпаниядан билдиришти.

Лондон: А321 учагында теракт болгон-болбогонун Египет менен Россия гана айта алат
Учурда компания Росавиациянын тыюу салуусуна байланыштуу 6-ноябрдан тарта жүргүнчүлөрдү бир гана Египеттен Россияга ташып жатат.

Москва менен Египеттин ортосундагы учууларды убактылуу токтотуу жана каттамдарды этабы менен кыскартуу кышкы расписание аягына чыкканга чейин 2016-жылдын 27-мартына дейре уланат.

Белгилей кетсек, октябрь айынын аягында "Шарм эш-Шейх — Санкт-Петербург" рейси менен учуп чыккан "Когалымавиа" компаниясына тиешелүү Airbus-321 лайнери 23 мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган. Кийин учактын сыныктары табылган. Бул кыйроодон 217 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү – баары курман болгон. Бул окуядан кийин Россия менен бир катар өлкөлөр, анын ичинде Улуу Британия, Египетке учкан каттамдарын убактылуу токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0