Киселев Батыш жана Россиянын КЭУ менен иштөө айырмачылыгын айтып берди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков"Россия сегодня" Эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев
Россия сегодня Эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку СССР мейкиндигинде россиялык уюмдар менен Батышка салыштырмалуу анча активдүү иш болбогонун, коомдук уюмдар менен америкалыктардай кылдат иш алып баруу оңой эмес экенин "Россия сегодня" Эл аралык агенттигинин башкы директору белгиледи.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия коомдук уюмдар менен АКШдай иш алып бара албай турганын Европа жана Азия медиаларынын форумунун жүрүшүндө (ЕАМФ) "Россия сегодня" Эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев билдирди.

"Биз коммерциялык эмес уюмдар менен америкалыктардай кылдат иштей албайбыз. Буга жаңыдан гана үйрөнүп келе жаткан учурубуз", — деди ал.

Мындай пикир менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян да макул болду.

"Албетте, коомдук уюмдар менен тийиштүү деңгээлде иш жүргөн жок. Буга ар түрдүү кырдаал себеп болду — бирде каражат жетишпесе, бирде алар чындап эле керексиз болчу. Бул коомдук уюмдар тарабынан жетишерлик көңүл бурулган жок деп кабылданганын түшүнүп турам", — деди ал. 

ЕАМФ — медиаиндустариянын өнүгүшүн божомолдоо жана жалпы көрүнүштөрдү талкуулоо үчүн КМШ, Балтия өлкөлөрү менен Грузиянын алдыңкы медиаэксперттерин чогулткан уникалдуу аянтча болуп саналат. 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан иш-чаранын алгачкы төртөө Москвада өтүп, кийинкилери Киев, Астана жана Минск шаарында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0