БУУ: ар бир 10 мүнөттө жарандыгы жана улуту белгисиз бирден наристе туулат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУ желеги. Архив
БУУ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен улуттар уюму баланы эненин улуту боюнча каттатууга жана этникалык, расалык жана диний көз караштан улам балага жарандык берүүгө каршы келген мыйзамдардан баш тартуу керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ар бир 10 мүнөттө  жарандыгы жок бирден наристе жарык дүйнөгө келерин БУУнун качкындар иши боюнча башкармалыгы билдирди.

БУУ өкүлү: качкындар көйгөйүн өз алдынча чечүүгө Кыргызстандын дарамети жетет
БУУнун жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, мындай балдар эрте чактан эле дискриминацияга туш болуп, ден соолугу да жабыркашы ыктымал. Ал өз мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай, көп учурда эксплуатацияга кабылары аныкталган.

Изилдөөгө жети мамлекеттен 250 бала жана чоң киши катышкан.

БУУ өткөн жылы жарандыгы, улуту аныкталбаган көйгөйдү жоюу боюнча кампания баштаган. Ал үчүн жарандыгы белгисиз наристеге кайсы жерде төрөлсө, ошол ошол элдин улутун ыйгаруу каралган. 

Мындан тышкары, БУУ баланы эненин улуту боюнча каттаттуга жана этникалык, расалык жана диний көз караштан улам балага жарандык берүүгө каршы келген мыйзамдардан баш тартуу керектигин белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0