АКШ келерки жылы Сириядан он миң качкынды кабыл алууга ниеттенүүдө

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүСербия жана Хоравтия мамлекеттеринин ортосунда жайгашкан качкындар. Архив
Сербия жана Хоравтия мамлекеттеринин ортосунда жайгашкан качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вашингтон Бириккен Улуттар Уюму менен иштеп, ортодо калган качкындарды АКШ аймагына жайгаштырарууга мажбур болуп көчкөндөрдү кабыл алуу боюнча иш алып барган мамдепартаменттин жетекчиси Лоуренс Бартлетт билдирди.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШ келерки жылы Сириядан он миң качкынды кабыл алууга ниеттенүүдө деп билдирди Качкындарды кабыл алуу боюнча мамлекеттик департаменттин жетекчиси Лоуренс Бартлетт.

Алар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар боюнча иштеген комиссарлыгы менен кызматташып, аларды өлкөнүн ар кыл аймактарына жайгаштырышат. 

"Биз БУУ менен кыйын шартта калгандарды жайгаштыруу боюнча иштейбиз", — деди Бартлетт.

АКШ 2014-жылы өз аймагына 70 миң качкынды жайгаштырган. Анын айтымында, дагы 85 миңди кабыл алууну пландап жатышат, ал эми 2017-жылы бул сан 100 миң адамга жетет экен. 

Евросоюздун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик качкындарга бир миллиард евро бөлөт
Айтылган 85 миң качкындын ичинен 10 миңи – сириялыктар. Буларды 2017-жылы кабыл алууну пландап жатышат. Мындай чечим Вашингтондун ар жылга эсептелген иш-чараларында камтылган. 

Ошентип, жер которгондордун жалпы санынан 34 миң киши Жакынкы чыгыш менен түштүк Азия өлкөлөрүнөн келе тургандар болду. Африкадан — 25 миң, Чыгыш Азиядан – 13 миң, Европадан – 4 миң, ал эми үч миңин Латын Америкасын менен Кариб бассейнинен кабыл алууну болжолдоп жатат. Ал эми алты миңге чукул адамды шашылыш учурлар менен жайгаштырууну пландоодо. Бартлеттин айтымында, программага 50 штаттын 48и жана өлкөнүн 173 шаары тартылган.

Кабыл алып жайгаштыруу негизинен, үчүнчү өлкөгө баш паанек сурап кайрылгандан кийин каралат. Ага АКШга кайрылган мезгилден тарта эсептегенде, 18 айдан эки жылга чейин убакыт кетет. Бул мезгил аралыгында баш паанек сурагандар ар кандай текшерүүлөрдөн өтөт. АКШга биринчи келген жылы алар качкын макамы менен жашап, андан кийин туруктуу жашоого уруксат алган документтин (грин-кард) негизинде туруктуу жайгашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0