Трамп эгер жеңишке жетсе, Россия менен мамилени "мыкты" кыларына сөз берип жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРеспубликачылар партиясынан АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трамп. Архив
Республикачылар партиясынан АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен мамилени жакшы жолго коё алам деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Республикачылар партиясынан АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трамп 2016-жылкы шайлоодо жеңишке жетсе, Америка менен Россиянын мамилеси "эң мыкты" болоруна ишенет.

"Биз Россия менен эң сонун мамиледе болобуз. Менин Путин менен болгон мамилем жакшы болот деп ишенем", — деп Трамп өзүнүн жаңы китебинин бет ачарында билдирди.

NBC жана Wall Street Journal каналдары жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Трамп республикачылар арасындагы талапкерлердин ичинен экинчи орунда турат. Аны партиялаштарынын 23 пайызы колдойт. Ал эми биринчи орунда мурдагы хирург Бен Карсон турат, ал үчүн республикачылардын 29 пайызы өз добушун берүүгө даяр. Үчүнчү орунда Флорида штатынан сенатор Марк Рубио турат. Анын талапкерлигин партиялаштарынын 11 пайызы колдойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0