Times:Кэмерон Сирияда "Ислам мамлекетине" абадан сокку уруу планынан баш тартты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБританиялык премьер-министр Дэвид Кэмерон. Архив
Британиялык премьер-министр Дэвид Кэмерон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британия премьери Сириядагы кырдаалдын тынчтык жолу менен чечилишин колдогон лейбористтерди ынандыра алган жок. Ошол эле учурда Британиянын аскердик аба күчтөрү коалициялык топтун Ирактагы операцияларына катышууда.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Британиялык премьер-министр Дэвид Кэмерон "Ислам мамлекетинин" Сириядагы объектилерине абадан сокку уруу планынан лейбористтердин колдоосуна жете албагандан кийин баш тартты деп билдирет Times гезити.

Басылманын пикиринде, мындай чечим АКШ үчүн өтө күтүүсүз жана жагымсыз болот, себеби Америка өткөн жылда эле Сирияга атайын даярдыктагы 50 аскер кызматкерин жөнөткөн. 

Левантадагы Аль-Каида согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Аль-Каида" террорчуларды Россия менен Батышка каршы биригүүгө чакырды
Улуу Британия коалициялык күчтөрдүн Ирактагы "Ислам мамлекетине" каршы операциясына катышууда, бирок 2013-жылы Британиянын парламенти ушундай эле аракеттерди Сирияда жүргүзүүгө мандат берүүдөн баш тарткан.

Аскер операциялары "Ислам мамлекетин" анык жеңүүгө алып келбей жана аз натыйжа берип жаткандыктан, аймактын бир катар өлкөлөрүндө жана АКШнын өзүндө катуу сынга алынууда. 

РФ Аба күчтөрүнүн Башкы штабнын маалыматына ылайык, 30-сентябрдан бери Россиянын жүргүзгөн аскердик аракеттеринин натыйжасында, согушкерлер бир катар курал-жарактарынан жана техникаларынан ажырап, сириялык аскерлер менен бетме-бет кагышып келген жерлерден чегине башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0