Египеттеги авиакырсыктан каза болгондордун сөөгү Санкт-Петербугга алып келинүүдө

© REUTERS / Maxim Shemetov Авиакырсыктан набыт болгон 144 жүргүнчүлөргө шам коюу. Архив
Авиакырсыктан набыт болгон 144 жүргүнчүлөргө шам коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын ӨКМ каза болгондордун сөөгү Санкт-Петербургдагы крематорийге таануу үчүн жөнөтүлөрүн кабарлаган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Авиакырсыктан набыт болгон 144 жүргүнчүнүн сөөгүн алып келген учак Санкт-Петербургдун Пулково-2 аэропортуна келип конду.

Учактын канаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Египеттен сапар алган россиялык учак кулап түшүп, сыныктары табылды
Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында "Шарм эш-Шейх — Санкт-Петербург" рейси менен 224 жүргүнчүнү алып чыккан "Когалымавиа" компаниясына тиешелүү Airbus-321 лайнери 23 мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган. 

Лайнер абага көтөрүлгөндөн кийин учкуч диспетчерге техникалык көйгөй болуп жатканын кабарлаганын Шарм-Эш-Шэйхтеги булактар билдирген деп жазды РИА. Анын Каирге конууга уруксат сураганы да айтылууда.

Буга чейин каза болгондордун сөөгү Санкт-Петербургдагы крематорийге таануу үчүн жөнөтүлөрү кабарланган. 

Россиянын Каирдеги элчилигинин маалыматына ылайык, кырсыктан аман калгандар болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0