Афганистандагы жер титирөөдөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

© AFP / SHAHID BUKHARI Афганистандагы жер титирөө. Архив
Афганистандагы жер титирөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда зилзаладан каза болгондордун саны эки өлкөдө 400гө чамалады. Ал эми жаракат алгандардын так саны аныктала элек.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Афганистанда болгон зилзаладан кыргызстандык жарандар жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди. 

Пакистандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Кечээ, 26-октябрда Пакистан менен Афганистандын чектешкен аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.09да (Бишкек убактысы боюнча 15.09) күчү 7,5 магнитудага жеткен жердин силкинүүсү катталган. Андан эки өлкөдө каза болгондордун саны 400гө чукулдап, үч миңден көп жашоочу жаракат алган. 

Элчилик Афганистанда жашаган кыргызстандыктар менен үзгүлтүксүз байланышта болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0