Лазер менен "кыйноо" ооруга чыдамдуу болуунун жолун түшүндүрүп берди

CC BY 2.0 / Milosz1 / microscopeЭлектрондук микроскоп. Архив
Электрондук микроскоп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар бөтөнчө бир эксперимент жүргүзүү менен, адам өз организмин ар кандай ооруга чыдамдуу кылып, өнөкөт ооруларды жеңилирээк көтөрө ала турганын аныкташты.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Ыктыярчыларды лазер менен "кыйноо" мээдеги опоиддик рецепторлорду кантип көбөйтүп, адамды өнөкөт оору сезимдерин төмөндөтүү менен кандайча чыдамдуулугун көтөрүүгө боло турганын аныктоого жардам берди деп айтылат Pain журналында жарыяланган макалада. 

"Ооруга чыдамдуулуктун көтөрүлүшүнө кайсы механизмдер жооп бере турганын азырынча билбейбиз, бирок биз бул сырды ачсак, адамдардын ооруга болгон туруштугун табигый жол менен бекемдей алмакпыз", — деди Кристофер Браун (Christopher Brown) Манчестер университетинен.

Браун жана анын кесиптештери айрым адамдардын башкаларга караганда өнөкөт ооруну жеңил көтөрө турганын аныктап, мындай "жөндөмдү" башкаларда да иштеп чыгуу жолун табышты. Бул үчүн алар артрит оорусунан жабыркаган бир топ ыктыярчылардын мээсине байкоо жүргүзүшкөн. 

Мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: ооз менен катуу аба жутуп, тез-тез кайра дем чыгаруу эстен танып калуудан сактайт
Эксперименттин алкагында окумуштуулар бейтаптарды позитрондук-эмиссиондук томографка отургузуп, бөтөнчө бир радиоактивдүү "шекер" салынган суюктукту ичиришкен. Андан кийин колдорун лазердик жол менен "күйгүзүшкөн". 

Биологдор мээдеги ооруну сезүүчү бөлүктүн активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү менен, ыктыярчылар ооруну канчалык көп сезип жаткандыгын жана аны канчалык жакшы көтөрөрүн объективдүү баалоого аракет кылышкан. Бул көрсөткүчтөрдү илимпоздор ошондой эле сынакка катышкан дени сак адамдар ооруну көтөрүшү менен салыштырышкан. 

Бул эки лазердик "кыйноо" адамдын ооруга чыдамдуулугу мээнин ооруга карата организмдин реакциясын башкара турган бөлүгүндө нерв клеткалары опоиддик рецопторлордун камтылышына жараша боло турганын көрсөттү. Эреже катары, оору борборунун клеткаларынын үстүндө мындай рецепторлор канчалык көп болсо, тажрыйбага катышкандар лазердин күйгүзгөнүн ошончолук аз сезишкен. 

"Адамдар өнөкөт ооруларды адатта өтө терс кабыл алып, жашоосү бүткөндөй сезишет. Биздин изилдөө ооруга карата реакцияны башкаруучу система өтө ийкемдүү келерин жана адам аны туруктуу ооруга ылайыкташууга мажбурлай ала турганын көрсөттү. Мүмкүн биз мындай ылайыкташуу процессин тездетип жана жакшырта турган жөнөкөй ыкмаларды таап, муну жасай турган дары-дармек чыгара аларбыз", — деген бүтүмгө келген Энтони Джонс (Anthony Jones) Манчестер университетинин Оору иликтөө боюнча консорциумунан.

Жаңылыктар түрмөгү
0