B3 витамини теринин рак оорусун алдын алат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВитаминдер. Архив
Витаминдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
University of Sydney изилдөөсүнүн натыйжасына ылайык, B3 витаминин ичүү теридеги рак оорусунун пайда болушунан сакташы мүмкүн.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Никотинамидди (В3 витаминин) колдонуу онкологиялык дарттардын бир түрү болуп эсептелүүчү теринин меланомасыз рак оорусуна кабылышы мүмкүн болгон бейтаптардын абалын бир топ жакшырткан деп айтылат New England Journal of Medicine журналында жарык көргөн макалада.

Микро-нейрохирург мээнин сүрөтүн карап атат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар талма оорусуна каршы алгачкы дарыны ойлоп табышты
University of Sydney адистери аталган ооруга кабылуу коркунучунда турган 386 бейтапты эки топко бөлүп, бир жыл бою алардын бирин никотинамид, экинчисин плацебо менен дарылашкан.

Изилдөө көрсөткөндөй, никотинамид ичкендерде теринин меланомасыз рак оорусунун пайда болуу коркунучу плацебо деп аталган дарыны ичкендерге караганда 23 пайызга кыскарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0