"Ислам мамлекети" Афганистан аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга жылышы мүмкүн

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAСогушкерлер Ислам мамлекетинин желеги менен. Архив
Согушкерлер Ислам мамлекетинин желеги менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлердин Афганистанда жандана башташы "Ислам мамлекетин" жайылтуу кайсы аймактарга багытталышы мүмкүн деген божомолдоолорго белгилүү бир негиздерди берет. Себеби дал ушул өлкө аркылуу террористтер башка мамлекеттерге өтүп кетүүгө аракет кылышы мүмкүн деп белгилейт министр.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputik. "Ислам мамлекети" террористтер тобу өзүнүн таасирин күчөтүп, иш-аракеттерин Европага, Россияга, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияга жайылтуу планын билдирүүдө, ал эми Афганистан КМШ өлкөлөрүнө жана Кытайдын түндүгүнө өтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.Бул туурасында Россиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов билдирди.

ИМ мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекетинин" башчысы күзөтчүлөрдү атууда жарадар болду
Коопсуздук боюнча VI Сяншань форумунда сүйлөп жатып, Антонов "Ислам мамлекети" азыр туруктуу киреше булактарына жана жакшы куралданган күчтөргө ээ экендигин, өзүн кеңейтип жаткандыгын айтты. 

Ошону менен катар ал террористтердин КМШ өлкөлөрүн жана Кытайдын түндүгүн карай Афганистан аркылуу өтүшү мүмкүн деп белгиледи. Бүгүнкү күнү ал өлкөдө туруксуздук эң курч көйгөй бойдон калууда. Түндүк бөлүгүндө кырдаалдын начарлашы уланып, терактылардын аягы суюлбай, карапайым элдин арасында курмандыктардын саны өсүүдө.

"Акыркы кезде Афганистандын аймагында "Ислам мамлекетине" тиешелүү террористик топтордун аракеттери күч алды",— деди РФ министри. 

Антонов бул өлкөнүн аймагын аталган топтун КМШнын Борбордук Азиядагы мамлекеттерине жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук аймагын карай жайылуу үчүн колдонушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0