Франциянын соту биринчи жолу жарандын "орток жыныстыгын" тааныды

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelСоттун балкасы. Архив
Соттун балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыныстык белгиси менен төрөлгөн жаран сот чечимине каршы арыз бермекчи. Анын пикиринде, бул маселе боюнча жогору турган бийликтин токтому керек, себеби "иш азыркы күчкө ээ мыйзамдарга каршы келүүдө".

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Француз соту эки жыныстык белгиси менен төрөлгөн жарандын өзүн "орток жыныстагы" адамдардын өкүлү деп атоо укугун биринчи жолу тааныды деп билдирет Франс Пресс агенттиги.

АКШнын армиясын гей экендигин жашырбаган аскер адамы жетектеши мүмкүн
Агенттиктин маалыматына ылайык, төрөлгөндө эле эркек деп жазылган 64 жашар доочу үстүдөгү жылдын июнунда өзүнө "орток жынысты" тандоо укугун ыйгаруу талабы менен сотко кайрылган. Эми ал бул статусту 20-августта күчүнө кирген сот чечимине ылайык, жеке расмий документтеринде көрсөтө алат.

Бирок, прокурордун орун басары Жо Патард белгилегендей, иштин үстүнөн кайра доо арызы берилиши керек. Ал бул маселе боюнча жогору турган бийликтин токтому талап кылынат, себеби "иш учурда күчкө ээ мыйзамдарга каршы келүүдө" деп эсептейт.

Германия, Австралия, Жаңы Зеландия жана Непал сыяктуу бир катар өлкөлөр жарандарга документтерде өзү үчүн "орток жынысты" тандоо укугун расмий ыйгарганын белгилейт агенттик.

Жаңылыктар түрмөгү
0