Мексикада нараазылык билдирип ишке чыкпаган 85 миң мектеп мугалимине айып салынды

© REUTERS / JORGE DAN LOPEZМексиканын Коомдук билим берүү министрлиги өлкө боюнча массалык нааразылык акциялары өттү
Мексиканын Коомдук билим берүү министрлиги өлкө боюнча массалык нааразылык акциялары өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдер профсоюздары Мексикада билим берүү тармагындагы реформага каршы чыгууда. Акция 12-октябрда өлкөнүн бир нече шаарында өткөн.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Мексиканын Коомдук билим берүү министрлиги өлкө боюнча массалык нааразылык акцияларына катышуу үчүн ишке чыкпай калган 85 миңден ашуун мугалимге бир күндүк эмгек акынын көлөмүндө айып салары туурасында шаршемби күнү билдирди.

Дүйнөнүн эки башка аймагындагы митингчилердин айырмалары
Билим берүү тармагынын кызматкерлери 12-октябрь күнү өлкөнүн бир нече штатында нааразылык акцияларын уюштуруп, жүз миңдеген окуучуларга сабак өтүлгөн эмес. Мугалимдердин профсоюздары өлкөдөгү билим берүү реформасына каршы чыгууда. 

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, өлкөнүн 14 штатынын мугалимдерине айып салынды. 

Эми алар өз укуктарын коргоого жасаган аракеттери үчүн таман акы, маңдай тери менен тапкан каражатынан ажыроого аргасыз. Болгондо да, Мексиканын бийлиги ишти калтыргандарга карата айып жазасы сөзсүз колдонулушуна көз сала турганын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0