Анкаранын соту журналисттерге теракт жөнүндө маалыматтарды чыгарууга тыюу салды

© AFP / ADEM ALTAN Анкарадагы теракт. Архив
Анкарадагы теракт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жан кечти террорист темир жол бекетинин аймагындагы асма көпүрөнүн астынан өзүлөрүн жардырып жиберишкен. Дал ошол маалда ал жерден бир топ эл митинг болчу жерге өтүп бара жаткан эле. Тергөөнүн негизги версиясына ылайык, террористтер "Ислам мамлекетине" тиешелүү адамдар.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Анкаранын соту шаршемби күнү өлкөнүн бардык ЖМКларына ишембиде борбор калаада болгон теракт туурасында маалымат берүүгө такыр тыюу салды деп билдирет Hurriyet гезити.

Анкарада 30 адамдын өмүрүн алып кеткен жардырууга байланыштуу Эрдоган борборго кайтып келди
Эки жардыруу Түркиянын борбор калаасында "Эмгек, тынчтык, демократия" урааны астында профсоюздар менен коомдук уюмдар уюштуруп жаткан митингдин алдында Бишкек убактысы боюнча саат 13.04тө болгон. Акциянын максаты — өлкөнүн түштүк-чыгышындагы түрктөр менен күрддөрдүн чыр-чатагынан күчөп кеткен зомбулукка каршылык билдирүү болчу.

Расмий маалыматка ылайык, 99 адам курман болуп, дагы 500дөн ашыгы медициналык жардам сурап кайрылган. Терактты темир жол бекетинин аймагындагы асма көпүрөнүн астынан өзүлөрүн жардырып жиберишкен эки жан кечти жасаган. Дал ошол маалда ал жерден бир топ эл митинг болчу жерге өтүп бара жаткан эле. Тергөөнүн негизги версиясына ылайык, террористтер "Ислам мамлекетине" тиешелүү адамдар.

Соттун чечими боюнча, тыюу "басылмалар, теле берүүлөр, радио, социалдык тармактар жана интернеттеги ЖМКлар аркылуу берилчү жаңылыктардын бардык түрүнө, маектерге, сын жана аналитикалык материалдарга тиешелүү". Чечим токтоосуз күчүнө кире турганы бардык түрк ЖМКларга расмий кабарланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0