Le Point: Сириядагы кырдаалда Батышка караганда Россия найтыжалуу иш алып барууда

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМиГ-29 учактары. Архив
МиГ-29 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр Сириянын асманында жүрүп жаткан "коркунучтуу оюндун" эсеби дал ушундай деп эсептейт француз басылмасы.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россиянын аба күчтөрү Сирияда жүргүзүп жаткан соккулары батыш коалициясынын операцияларына караганда бир топ натыйжалуу болууда деп жазат Франциянын Le Point басылмасы.

Ак үй имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Россиянын Сириядагы аракеттерине карата өзүнүн шарттарын коё баштады
Россия — Батыш, бир – нөл: азыр Сириянын асманында жүрүп жаткан "коркунучтуу оюндун" эсеби дал ушундай жана ал Россия менен АКШнын тирешүүсүнө алып келиши ыктымал деп жазат басылма. Батыш коалициясы бир жылдан берки жасаган 2500 учууларына карабай, "Ислам мамлекетин" чегиндире алган жок. Ал эми Россиянын жасап жаткандары ага караганда бир топ натыйжалуу болууда. Эксперттер мунун бир нече себептерин атайт. Батыш "Ислам мамлекетинин" аскер түйүндөрүнө гана сокку уруп жатат, бирок анын окуя болгон жерлерден чалгындоо маалыматтарын бере турган булактары жок (же өтө аз). Американын заманбап учактары өтө жогорку бийиктиктен сокку урат, ал эми россиялыктар болсо Сириянын чалгынчыларына таяна алат.

Россия батыш коалициянын, Түркиянын жана Израилдин учактарын аба мейкиндигинен сүрүп чыгаруу менен, Сириянын борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүн үстүнөн калкалап турат. Буга Пентагон 7-ноябрда Россиянын учактары менен байланышпаш үчүн АКШ өз учактарынын багытын өзгөрттү деп билдиргени күбө. Батыш жана араб мамлекеттеринин Америка башчылык кылган коалициясы оюндан такыр чыгып калды деп жазат Le Point.

Жаңылыктар түрмөгү
0