УКМК: Сирияда өзүн жардырган өзбекстандык деген бала кыргызстандык жаран болуп чыкты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСирия мамлекети, Маалула шаары. Архив
Сирия мамлекети, Маалула шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияда өзүн жардырган жаран апасы каза болуп калып, таякесинин колунда чоңоюп, кийин Россияга иштегени кеткен.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Интернетте Сирияда өзүн жардырган видеодогу Өзбекстандын жараны деп айтылган шахид бала Кыргызстандын жараны экендиги тастыкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирет.

Сулайманов видеодогу жардырууга ыйлап кетип бара жаткан өзбекче сүйлөгөн бала Жалал-Абад облсунун жыйырма жаштагы тургуну болуп чыкканын билдирди.

"Апасы каза болгондон кийин таенесинин колунда өсүп, таенесинин көзү өткөн соң таякеси багып алыптыр. Кийин Россияга иштегени барып, анан Сирияга өтүп кетиптир. Видео интернетке чыккандан кийин таякеси таанып келип айтып берди", — деди Сулайманов.

Кыргызстандыктар тажик аялдар менен балдарды Сирияга үндөгөн деп шектелүүдө
Ал учурда анын туугандары менен тактоо иштери жүрүп жаткандыгын айтып, анын ал жакка аттанган туугандары туурасында маалымат жок экенин айтты.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары анын ысымы Бабур Исраилов жана ал Сирияда бир жылга жакын жашаган деп жазды.

УКМК буга чейин Жалал-Абаддан Сирияга кеткен 84 кишинин ичинен 14ү каза болгонун, ал жөнүндө көбүнүн ата-энелери билбей турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0