Александр Лукашенко Белоруссияда президенттик шайлоодо жеңип чыкты

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБелоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив
Белоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин учурдагы жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Лидия Ермошина билдиргендей, шайлоочулардын 83,49 пайыз колдоосуна ээ болду.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Белоруссиянын азыркы президенти Александр Лукашенко шайлоочулардын 83,49 пайыз добушун алуу менен кайрадан мамлекет башчылыгына шайланды деп билдирди БШКнын төрайымы Лидия Ермошина.

"Жалпы республика боюнча Александр Лукашенко 83,49 пайыз добушка ээ болду", — деди Ермошина.

Элчи Өмүралиев: Белоруссия — биздин шериктеш
Учурдагы президент Могилев облусунда эң көп колдоого ээ болгон. Ага 88,29 пайыз шайлоочу өз добушун берген. Лукашенкого добуш бергендердин саны баарынан Минскиде аз болуп, ал жерде талапкер 65,58 пайыз шайлоочунун колдоосуна ээ болду. Ушул шайлоодогу көрсөткүч президент башынан өткөргөн беш шайлоонун эң мыктысы деп аталды. 1994-жылы ал шайлоонун экинчи турунда 80,6 пайыз добушка жеткен, 2001- ылы 75,65 пайыз, 2006-жылы 83,0 пайыз, ал эми 2010-жылы болсо шайлоочулардын 79,65 пайызынын добушун алган.

Ермошинанын айтымында, БШКнын алдын ала маалыматына ылайык, "Чындыкты айт" оппозициялык кампаниясынын активисти, Белоруссиянын тарыхындагы биринчи аял талапкер Татьяна Короткевич 4,42 пайыз добуш алса, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Сергей Гайдукевич 3,32 пайыз, ал эми Белоруссиянын атуулдук партиясынын лидери Николай Улахович 1,67 пайыз добушка жеткен. Баарына каршы шайлоочулардын 6,4 пайызы добуш берген.

БШКнын берген бул сандарына чет өлкөлөрдөгү участкаларда добуштардын жыйынтыгы кирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0