БУУнун Башкы ассамблеясынын мурдагы президенти паракорлук үчүн кармалды

© AFP / STAN HONDAБУУнун Коопсуздук кеңешинин мурдагы президенти Жон Эш. Архив
БУУнун Коопсуздук кеңешинин мурдагы президенти Жон Эш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Йорктун прокуратурасы саясатчыны 1,3 миллион доллар пара алган деп айыптоодо. Андан тышкары, анын төрт "шеригине" да күнөө коюлду.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын мурдагы президенти жана Антигуа менен Барбуданын туруктуу өкүлү Жон Эш камакка алынды деп билдирет BBC.

Мурдараак кабарлангандай, Нью-Йорктун прокуратурасы 6-октябрда аны кытайлык ишкерлерден жалпы көлөмү 1,3 миллион долларга жеткен пара алды деп айыптаган. Атап айтканда, 500 миң долларга Эш Макаодо БУУнун конференц-борборун куруу зарылдыгын далилдей турган документтерди даярдап, БУУнун башкы катчысына узаткан. Аталган комплексти болсо миллиардер Нг Лап Сэнгдин компаниясы курган.

Милиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде милициянын майору 100 миң сом пара талап кылып кармалды
Накталай акчадан тышкары, ага Rolex саатын, BMW автоунаасын "белек" кылып, анын үйүнө караштуу жерде 30 миң долларлык жеке баскетбол аянтчасын да куруп беришкен. Эш жана анын үй-бүлө мүчөлөрү эс алышы үчүн Жаңы Орлеандагы күнүмдүк баасы 850 доллар турган кымбат мейманкананын акысы да төлөнгөн. Ошондой эле кытайлык магнаттын ортомчулары аркылуу Эштин жубайы климаттын өзгөрүшү боюнча иш алып баруучу бейөкмөт уюмдардын биринде эмгек маянасы 2,5 миң долларлык жумушка орношкону да белгилүү болду деп айтылат билдирүүдө.

Эштен башка, аталган коррупциялык схемага катыштыгы бар деп шектелеген дагы төрт ишкерге айып коюлду.

АКШнын федералдык прокурору Прит Бхарара "алган параларына ал өзү башкарган институтту сатып жиберген. Алып жутарлыктын аркасы менен биригип алышып, булар БУУну өзүнө киреше табуучу жайга айлантышкан", — деди.

Бүткүл дүйнөлүк уюмдун башкы катчысы Пан Ги Мун коюлган айыптар аны "ушунча таң калтырып жана тынчсыздандырганын" мурдараак билдирген.


Жаңылыктар түрмөгү
0