"Ислам мамлекети" Toyota унааларын мынчалык көп санда кайдан алып жатканына АКШ кызыкты

© AFP / HAIDAR HAMDANIИМ согушкерлери. Архив
ИМ согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota үлгүсүндөгү пикаптар менен жол тандабас машиналар "Ислам мамлекети" террордук тобунун жайылткан пропагандалык видеолорунда улам барган сайын көп көрүнчү болду, анан калса, баары тең жаңы унаалар экени байкалат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Американын бийлиги "Ислам мамлекети" мынчалык көп сандагы пикаптар менен жол тандабас машиналарды кантип сатып алышканын билүү үчүн Toyota компаниясына кайрылды деп билдирет ABC News.

Автоконцерн буга жооп кылып, террористтер унааларды кандай жол менен алганы туурасында эч түшүнүгү жок экенин билдирген. Компаниянын коомчулук менен байланыш боюнча директору Эд Льюистин айтымында, унааларды Жакынкы Чыгышка сатуунун белгилүү жолдору жана бул процедураларды коргоо ыкмалары жөнүндө ишкана АКШнын Каржы министрлигине маалымат берген. 

"Toyota автоунаалар аскердик же террористтик максаттарга пайдаланып же ылайыкташтырып ала турган адамдардын колуна түшпөй тургандай катуу тартип менен иш алып барат", — дейт компаниянын өкүлү.

Пентагондун экс-жетекчиси: АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы стратегиясы ыраатсыз болчу
Ал кошумчалагандай, ишкана уурдалып кеткен же ортомчулар аркылуу сатылган унаа каражаттарына көз сала алабайт. Япониянын Toyota концерни Сирияга 2012-жылдан бери машина сатууну расмий токтоткон.

Toyota Hilux, Toyota Tacoma жанаToyota Land Cruiser унаалары Россияда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террористтик тобунун "жүзүнө" айланды. Аларга согушкерлер түрдүү куралдарды, анын ичинде пушкалар менен ракеталык жарактарды ылайыкташтырып орнотуп алууда. Ошондой эле бул унаалар террористтердин өзүн ташууга да кенен колдонулат. Бирок алар бир эле марканын машинасын артык көрөт деп айтууга болбойт, көп сандаган пропагандалык тасмаларда Mitsubishi, Hyundai жана Isuzu маркаларынын да унааларын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0