Пентагондун экс-жетекчиси: АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы стратегиясы ыраатсыз болчу

© AFP / YASIN AKGULСирия мамлекетиндеги согушчул. Архив
Сирия мамлекетиндеги согушчул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пентагондун чалгындоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Майкл Флинн Россиянын кырдаалга кийлигишип, террористтер менен жеринде күрөш баштоо жөнүндө чечимин колдой турганын билдирди.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө АКШнын стратегиясы буга чейин иретсиз болчу деп эсептейт АКШнын коргоо министригинин чалгындоо башкармалыгын мурдатан жетектеген генерал-лейтенант Майкл Флинн. 

Россия Сириянын президенти Башар Асаддын өтүнүчү менен өлкөдөгү "Ислам мамлекет" жайгашкан жерлерге абадан сокку урууларды баштаган. Ошону менен катар АКШ жетектеген коалиция 2014-жылдын сентябрынан бери БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок эле жана Сириянын бийлиги менен өз аракеттерин макулдашпастан, бул өлкөдөгү террористтерге каршы сокку уруп келет.

"Чынында эле, биз буга чейин колдонуп келген стартегия чаржайыт болчу. Мен бул туурасында көп айткам. Менимче, Россия менен АКШ аталган маселеде кызматташуулары керек", — деген Флинн RT телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, террористтерге карашы күрөшүү боюнча эл аралык коалиция түзүү зарыл. Филин Россиянын кырдаалга кийлигишип, террористтер менен жеринде күрөш баштоо жөнүндө чечимин колдобой коё албай тургандыгын айтты.

"Бул жагынан Россиянын жасагандарына макулмун. Ал азыр каршы күрөшүп жаткан радикалдык элементтердин көбү Чеченстан, Дагестан жана башка республикалардан келип, эми "Ислам мамлекетинин" катарында күрөшүп жатышат. Эгер Путиндин максаты террористтер менен алар жайгашкан жеринде күрөшүү болсо, бул татыктуу максат. Бирок мен, эгер Россия менен АКШ дипломатиялык жана аскердик багытта бирге иш алып барып, ага аймактардагы өз өнөктөштөрүн тартса, кандайдыр бир башка чечим таба алышмак деп ойлойм. Эки ири мамлекет — Россия менен АКШ — өз аракеттерин бири-бири менен жөндөштүрбөй туруп мындай татаал кырдаалга кийлигишкени туура эмес, бул өтө эле күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн", — деп белгилейт Флинн.

Россиянын авиациялык техникалык персоналы Сирияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
CNN Россия Сирияда кургактагы операцияга даярданууда деп билдирди
30-сентябрдан бери Россия Башар Асаддын суранычы менен "Ислам мамлекетинин" Сириядагы объектилерине абадан сокку ура баштаган. Натыйжада, согушкерлердин башкаруу системасы жана материалдык-техникалык абалы, ошондой эле жан кечти террористтерди даярдоо боюнча инфраструктурасы олуттуу зыянга учурады.

Абадан сокку берүү үчүн буталар Россия менен Сириянын чалгындоо маалыматтарынын негизинде аныкталууда. РФтин аскер ведомствосунун маалыматына ылайык, россиялык учактардын жабдуусу Сириянын бүтүндөй аймагындагы "Ислам мамлекетинин" жайгашкан жерлерине өтө так сокку урууга мүмкүндүк берет.

Сириянын Россиядагы элчиси Рияд Хаддад соккулар оппозицияга же жарандык калкка каршы эмес, террористтик куралдуу топторго гана каршы берилип жатат деп мурдараак билдирген. Анын айтымында, Сириянын аскерлери террористтердин орун алган жерлерин так билишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0