Парламенттик шайлоо күнү магниттик бороон болот

© NASA/SDOКүн
Күн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн бетинде ар түрдүү күчтөгү алты магниттик от тутанып, 30-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 13.00дө Күндүн көзгө көрүнөрлүк дискинин түштүк жарым тегерегинде короналдык массанын ташталышы (СМЕ) байкалган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Күндөгү короналдык массанын чыгарылышынан кийинки магниттик бороон Жерде 4-октябрда болушу мүмкүн деп айтылат Россиянын Гелиогеофизиалык кызматынын билдирүүсүндө. Ал эми бул күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. 

"Күндүн дискинде тактардын төрт тобу байкалды. S18W55 тобунда М классына кирүүчү эки чакан от жана С классына кире турган төрт от тутанганы катталды. 30-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 13.00дө Күндүн көзгө көрүнөрлүк дискинин түндүк жарым тегерегинде короналдык массанын ташталышы (СМЕ) байкалган. Геомагниттик талаанын СМЕден кийинки толкуну Жер бетине 4-октябрда жетери күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала божомолдоого ылайык, 2-октябрда Х классындагы чакан жана протондук тутануулар болушу мүмкүн. 

Күндөгү тутануулар рентгендик нурдануу күчүнө жараша A, B, C, M жана X болуп төрт класска бөлүнөт. Эң төмөнкү A0.0 классы Жердин орбитасындагы бир чарчы метрдеги 10 нановаттка барабар. Улам кийинки тамгага кубаттуулуктун 10 эсе көптүгүн билдирет.

Парламенттик шайлоо жекшемби күнү, 4-октябрда өтөт. Ага 14 саясий партия ат салышууда. 


 

Жаңылыктар түрмөгү
0