Согуш чыр-чатактарынан улам Европаны көздөй качкан бозгундардын саны көбөйүүдө

© Sputnik / Александар Джорович / Медиабанкка өтүүКачкындар Венгрия-Сербия мамлекеттеринин чек арасында. Архив
Качкындар Венгрия-Сербия мамлекеттеринин чек арасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евростаттын маалыматтарына ылайык, 2008-жылдан кийин качкындардын агымы дээрлик үч эсеге көбөйгөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Sputnik.Фактылар" долбоорунун алкагында Sputnik агенттиги Европа өлкөлөрүнө качкан бозгундардын агымы жөнүндө билдирет. Евростаттын маалыматы боюнча, баарынан көп качкын Сириядан (73 миң 310 адам), Косоводон (58 миң 920 адам) жана Афганистандан (39 миң 910 адам) келүүдө. Дал ушул өлкөлөрдө АКШ жана анын шериктештери түрдүү аскердик операцияларды жүргүзгөн. 

Казакстан мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Казакстан Жакынкы Чыгыштан качкындарды кабыл алууга даяр
Евростаттын маалыматтарына ылайык, 2008-жылдан кийин качкындардын агымы дээрлик үч эсеге көбөйгөн. Мигранттарды кабыл алуу жагынан лидерлер болуп Венгрия, Швеция жана Австрия эсептелет. Бул өлкөлөрдө жергиликтүү калктын ар бир миллионуна 9929 (Венгрияда), 5052 (Швецияда) жана 3328 (Австрияда) качкын туура келет. Алардын жалпы санынын 72 пайызы эркектер, 28 пайызы аялдар экени маалым. Бардык качкындардын дээрлик жарымын (49 пайызын) 14 жаштан 34 жашка чейинки эркектер түзөт, ал эми бул курактагы аялдардын саны 12 пайызга тете.

"Sputnik.Фактылар" долбоору жөнүндө маалымкат

Бул Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун долбоору. Ал ар түрдүү өлкөлөр менен уюмдардын (БУУ, ЭАВФ ж.б.) статистикаларына, ири изилдөө борборлорунун алдын ала божомолдоолоруна негизделген актуалдуу саясий жана соцалдык темалар боюнча маалыматтарды жарыялап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0