Пентагон: Афганистандын Кундузунда абал тынч болбой турат

© REUTERS / STRINGER/AFGHANISTANАфган аскерлери Кундуз шаарында. Архив
Афган аскерлери Кундуз шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пентагондо афганистандык талиптердин Кундуз шаарын басып алышын сындап, абал тынч болбой жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 30-сен — Sputnik. АКШ "Талибан" кыймылынын Афганистандын Кундуз шаарына жасаган чабуулун сындап, коопсуздукту сактай турган өкмөттүк күчтөргө жардам берүүнү улантарын билдирген. Бул туурасында Пентагондун маалымат катчысы Питер Кук маалымдады.

Кундуз шаарын талиптер дүйшөмбүдө басып алган. Шейшемби күнү эртең менен Афганистандын өкмөтү шаарды согушкерлерден бошотуу боюнча аскердик операция башталгандыгын билдирди. 

"Кундуз шаарына коюлган чабуулду айыптайбыз жана Афганистандын коопсуздугу, тынчтыгы үчүн афган эли менен биргеликте ийиндеш турабыз. Президент Гани, Афганистан өкмөтү жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иштешүүнү улантабыз. Биз муну менен Афганистан өкмөтүнүн жана эл аралык коомчулуктун 13 жылдан бери койгон максатына жетүүгө алы келерине жана даярданууга мүмкүнчүлүгү бар экендигине кепил болобуз",— деп айтты маалымат жыйында Питер Кук. 

Ал Кундузда абал тынч эместигин, АКШ ага көз салып, афган күчтөрүнө ишеним артылгандыгын кошумчалады.

Кук АКШнын авиациясы мындан бир аз мурда Кундуздун тегерек четиндеги согушкерлерге сокку ургандыгын жана афгандык чалгын кызматтарына көмөк көрсөтүп жаткандыгын эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0