Time: Путин Обамага "мен эскертпедим беле" деп айтууга укуктуу

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүВладимир Путин. Архив
Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштын Сирия боюнча ойлонулбаган саясаты коркунучтуу экени туурасында Россия бир нече ирет эскерткен. Убагында токтотулбаган дал ошол саясат азыр Сириядагы абалды туңгуюкка алып келди. Москва андан чыгуу жолун сунуштоого даяр. Эгер АКШ ага макул болсо, Владимир Путин эң ири дипломатиялык утушка жетет деп эсептейт Time.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама менен дүйшөмбү күнү жеке жолугушууда Россия лидери ага: "Мен эскертпедим беле" деп айткысы келери бышык деп эсептейт Time журналынын кабарчысы Саймон Шустер. 

Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: РФ, Түркия, АКШ жана Иран Сириянын маселесин бирге чечиши керек
2011-жылы Сирияда чыр-чатак башталгандан бери Путин бул өлкөдөгү көтөрүлүшчүлөрдү колдоо кооптуу экендиги туурасында Батышка көп жолу эскерткен. Бир нече жылдан бери уланып келе жаткан башаламандык менен зомбулук аракеттери Россия лидеринин сөздөрүн ырастоодо. АКШ менен анын шериктештери "орточо сириялык оппозицияны" даярдоо боюнча ийгиликсиз аракеттерин жүргүзгүчө, "Ислам мамлекети" бүтүндөй аймактарды өзүнө каратып алганына дүйнө күбө болгон.

Дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясына жасай турган кайрылуусунда Путин Сириядагы кризистен чыгуунун жолун сунушташы мүмкүн. Кеп аталган өлкөнүн президенти Башар Асадды колдоо жана "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү үчүн коалиция түзүү жөнүндө болушу ыктымал деп жазат Шустер.

Обама Россия менен макул болушу керекпи, эгер макул болсо, кандай шарттарды коё аларын чечүүгө аргасыз болот. Акыркы кездери АКШ лидеринин эң жакын шериктештери да кырдаалды жөнгө салыш үчүн Башар Асаддын өкмөтү менен иш алып баруу зарылдыгын моюнга алганына карабай, Обама үчүн Сириянын президентин колдоо жөнүндө маселе баарынан оор болушу мүмкүн. 

Financial Times: "Путиндин сириялык гамбити" АКШнын айласын түгөттү
Россия аталган аймактагы Асаддын да душмандарын көндүрө алды деп айтылат макалада. Түркиянын президенти Тайып Эрдоган Сириянын президенти өлкө үчүн "өткөөл мезгилде" белгилүү бир роль ойной аларын айтса, Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху Россия менен Израилдин аскерлери Сириянын жасай турган аракеттерин жөнгө салып туруу жөнүндө макулдашканын билдирген. Европанын лидерлери акыркы кездерде оор кырдаалдан чыгарып, качкындардын агымын токтото турган каалаган планды колдоого даяр.

"Эгер Путин өз сунушуна Обаманы макул кыла алса, өзүнүн 15 жылдык бийлигиндеги эң улуу дипломатиялык жеңишке жетет. Анда бул Жакынкы Чыгыштагы Россиянын СССР тарагандан берки эң көзгө көрүнөрлүк ролу болот", — деп жазат Шустер. 

Ошондой эле ал санкцияларды алып салуу үчүн Батышка таасир бергенге Россиянын көбүрөөк мүмкүнчүлүгү пайда болушу ктымал экенин белгилейт.

Сирия боюнча Россиянын сунушун четке кагыш үчүн, Барак Обамада альтернативдүү план болушу керек. Бирок ал Россия менен же өнөктөш катары, же душман катары эсептешүүгө аргасыз болорун турмуш көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0