Opportunity Марстагы кышка даярданууда

© Фото / NASA/ Viking ProjectМарс планетасы. Архив
Марс планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айында башталган "Кызыл" планетаны изилдөө иштерин аппарат мындан ары да улантат. "Марафон" аймагында изилдөө иштерин жүргүзгөн аппарат батареяларды күндүн нурунан толтуруп алуу үчүн түштүк аймактын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Марстагы кышка даярдануу иштеринин алкагында Opportunity аппараты "Марафон" аймагын изилдөөнү улантат. Жаңы сүрөттөр НАСА мекемесинин расмий сайтында жарыяланды. 

Аталган аймакты Opportunity аппараты июль айынын аягынан тартып изилдей баштаган. Ал акырындык менен чыгышка жылууда. Өзүнүн панорамалык фотоаппараты менен ал ошол аймактын түндүгүн тарткан.

"Opportunity кыш бою иштейт деп күтүп жатабыз", — дейт НАСАнын реактивдүү жылуу лабораториясынын өкүлү Жон Каллас.

Вид на землю с космоса. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Индия өзүнүн алгачкы обсерваториясын космоско сентябрдын аягында чыгарат
Июль айында башталган "Кызыл" планетаны изилдөө иштерин аппарат мындан ары да улантат. "Марафон" аймагында изилдөө иштерин жүргүзүп жатканда аппарат күндүн энергиясынан батареяларын толтуруу үчүн түштүк бөлүктүн бардык мүмкүнчүлүгүн колдонот. Муну  октябрь айынан тартып, аппаратты башкарган команда аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0