Россиянын авиакомпанияларына Украинага учууга тыюу салынды

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүү"Аэрофлот" компаниясынын ту-154м учагы. Архив
Аэрофлот компаниясынын ту-154м учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Украинанын бийлиги россиялык 25 авиакомпанияга санкция киргизген болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын өкмөтү россиялык компаниялардын учууларына тыюу салуу боюнча чечим кабыл алганын өлкөнүн премьер-министри Арсений Яценюк билдирди.

Тыюу биринчи кезекте "Аэрофлот" жана "Трансаэро" компанияларына тиешелүү. Буга чейин Украинанын бийлиги россиялык 25 авиакомпанияга санкция киргизген болчу.

Украинада болгон окуялардан улам АКШ, Европа биримдиги, Канада жана расмий Киев россиялык бир катар саясатчыларга, ишкерлерге, компанияларга санкция киргизген. Санкциянын тизмеси бир нече ирет жаңыртылып толукталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0