Хейгел: "Ислам мамлекети" менен күрөшүү боюнча Россия жөндүү сунуш айтууда

© Sputnik / Александр Имедашвили / Медиабанкка өтүүПентагондун мурдагы башчысы Чак Хейгел. Архив
Пентагондун мурдагы башчысы Чак Хейгел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак Россиянын Тышкы иштер министрлиги Москва "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү үчүн кенен коалиция түзүү боюнча сунуштарынын айрым аспектилерин чет элдик өнөктөштөр менен талкуулап жатканын билдирген эле.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик уюмуна каршы күрөшүү боюнча Россиянын сунуштары БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кылдат каралышы керек деп билдирди бейшембиде Sputnik менен болгон маегинде Пентагондун мурдагы башчысы Чак Хейгел.

"БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү берген ар бир сунуш олуттуу кабыл алынышы керек деп эсептейм", — деди АКШнын Коргоо министрлигин февралга чейин жетектеп келген Хейгел.

Россия ТИМинин жаңы сыноолор жана коркунучтар боюнча департаментинин директору Илья Рогачев РИА Новости агенттигине Москва "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү үчүн кенен коалиция түзүү боюнча сунуштарынын айрым аспектилерин чет элдик өнөктөштөр менен талкуулап жатканын билдирген эле. Атап айтканда, Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана окуя жүрүп жаткан өлкөлөрдүн уруксаты менен күч колдонушу керек. Рогачев билдиргендей, Россия "Ислам мамлекетине" жана Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын башка террориститк уюмдарына каршы күрөшүү боюнча легитимдүү жана абройлуу эл аралык коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн шериктештеринин кенен катмары менен талкуулоо ниетинде".

Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: РФ, Түркия, АКШ жана Иран Сириянын маселесин бирге чечиши керек
Июндун аягында Россиянын президенти Владимир Путин Сириянын жетекчилигине жана Түркия, Иордания жана Сауд Аравиясы сыяктуу чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө "Ислам мамлекетине" каршы биргелешип күрөшүүгө чакырган. Россия өлкөлөр ортосундагы диалогду жөнгө салуу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр. АКШ болсо Сириянын президенти Башар Асаддын кетишин каалап, ага жардам берүүгө каршы чыгууда. Өз тарабынан Россия "эл аралык коалицияны" "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин башчылыгы астында Сириянын бийлиги менен кызматташууга бир нече жолу чакырган.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп эсептелет. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Ошондой эле алар өз таасирин Түндүк Африкада, тагыраак айтканда, Ливияда жайылтуу аракетин көрүп жатат. Ар кайсы маалыматтарга ылайык, алар өзүнө каратып алган жерлердин жалпы көлөмү 90 миң чарчы чакырымга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0