ЖМК: Россия Сириядагы "Ислам мамлекетине" коалиция күчтөрүсүз эле сокку урат

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСамолёт-заправщик Ил-78 и истребители-перехватчики МиГ-31. Архивное фото
Самолёт-заправщик Ил-78 и истребители-перехватчики МиГ-31. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары Москва АКШга "Ислам мамлекетине" каршы кампанияны Россиянын, Ирандын жана Башар Асад башында турган Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен биргеликте өткөрүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Эгерде АКШ терроризм жаатында Москванын "иш-аракеттерди макулдашып жасоо" боюнча сунушун четке какса, анда Россия Сириядагы "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине каршы абадан жасалуучу соккулардын планын даярдайт. Кремлге жана Коргоо министрлигине жакын эки булакка таянган Bloomberg агенттиги бул боюнча маалымат таратты. 

Путин: терроризм менен күрөшүүдө геосаясий кызыкчылыктардан баш тартуу керек
Булактын айтымында, Москвага жакыныраак вариант болуп Вашингтондун бул кампанияны Россиянын, Ирандын жана Сириянын аскерлери менен бирге ишке ашыруусу эсептелет. 

Владимир Путиндин 28-сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясына жасай турган бир күндүк иш-сапарында россиялык демилге күндүн темасы болмокчу. Анда Россия лидери Америка президенти Барак Обама менен жолугуп, бул маселени талкуулайт деп айтылууда. 

"Россия Обама аң-сезимдүү ой жүгүртүп, Путиндин сунган колун кабыл алат деп ишенип турат. Бирок Россия кандай болгон күндө да өз аракеттерин баштай бермекчи", — деп айткан Bloomberg агенттигине Стратегиялык иликтөөлөр институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча улук аналитиги Елена Супонина. 

"Ислам мамлекетин" Сириянын президенти "батыштын экстремисттик долбоору" деп атады
Вашингтондогу атын атагысы келбеген булак, АКШ россиялык учактар менен болгон чатактан алыс болуу үчүн урула турган соккуларды талкуулоого даярдыгын, бирок Америка жана алардын союздаштары Москвадан "иштиктүү" сунуш ала электигин айткан. Ал эми коалиция Асаддын өкмөттүк күчтөрү менен өз ара кызматташпай тургандыгын кошумчалаган. 

Буга чейин Путин террорчулукка күрөшүү жана ал жаратып жаткан көйгөйлөрдү, анын ичиндеги качкындар маселеси дүйнө өлкөлөрү биргелешмейин чечилбей тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0