АКШ "Ислам мамлекети" менен "Аль-Каиданын" эки башчысы өлгөнүн ырастады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВашингтондо жайгашкан Ак Үйдун имараты. Архив
Вашингтондо жайгашкан Ак Үйдун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пентагон "Ислам мамлекетинин" лидерлеринин бири Абу-Бакр аль-Туркмани менен Давид Дружондун өлгөнүн ырастады. Акыркысы 5-июлда коалиция Алеппого абадан сокку урганда жок кылынган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү Пентагон "Ислам мамлекети" менен "Аль-Каида" топторунун эки башчысы жок кылынганын ырастады.

Ислам мамлекети уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ФКК: "Ислам мамлекети" уюмунун ишаракеттерине Борбор Азиянын үч миң жараны катышууда
Улуту боюнча француз Давид Дружон 5-июлда коалиция Алеппого абадан сокку урганда өлгөнүн Пентагондун өкүлү Питер Кук билдирди. Дружон "Аль-Каиданын" курамына кирүүчү "Хорасан" тобунда жардыруучу заттар боюнча эксперт болчу. Ошондой эле Дружон батыш өлкөлөрүнө кол салууну пландап, террористтерди окутуу менен алектенген деп эсептейт Пентагон.

Каза болгондордун экинчиси — Абу-Бакр аль-Туркмани, "Ислам мамлекетинин" лидерлеринин бири, Ирак аскеринин мурдагы подполковниги. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Пентагондун билдирүүсүн тактап, аль-Туркмани 10-сентябрда Иракта өлтүрүлгөнүн айтты. 

"Аль-Туркмани "Ислам мамлекетине" кошулганга чейин Иракта "Аль-Каиданын" жихадчыларына иштеген", — деди Эрнест. 

"Ислам мамлекетин" Сириянын президенти "батыштын экстремисттик долбоору" деп атады
Анын айтымында, аль-Туркманинин өлүмү "Ислам мамлекетинин" Мосулдагы жана Ирактын Таль-Афарындагы операцияларына тоскоолдук жаратып, ошондой эле террористтердин "эркин аракеттерин" кыйындатат.

АКШ жана бир катар башка өлкөлөр 2014-жылдан бери Сирия менен Ирактын аймагында "Ислам мамлекети" тобуна каршы абадан сокку уруп келет, алардын чабуулуна "Хорасан" тобу да дуушар болгон учурлар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0