Окумуштуулар йога менен машыгуу артритти жеңүүгө жардам берерин аныкташты

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүЗанятия йогой. Архивное фото
Занятия йогой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы кезде артитке даба болчу дары жок, бирок, окумуштуулардын пикиринде, улуу курактагы ар бир бешинчи адам жабыр тартуучу бул оорунун күчөшүнө каршылык көрсөтүүчү эң таасирдүү ыкмалардын бири болуп кыймыл активдүүлүгү эсептелет.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Йога менен машыгуу артрит оорусу менен жабыркоочулардын абалын жакшыртат деп эсептейт Journal of Rheumatology журналына жарыяланган макаланын авторлору.

Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Альцгеймер оорусу жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтышты
Артрит адамдын майып болушунун башкы себептеринин бири. Ага улуу курактагы беш кишинин бири чалдыгып, алардын көпчүлүгү 65 жашка жете элек адамдар болот. Артритти айыктыра турган дары жок, бирок улам күчөп баруучу ооруга каршы каражат катары кыймыл активдүүлүгү эсептелет. 

Дарыгерлер йоганын ден соолукка таасирин аныктоо үчүн тизе остеоартрити же ревматоиддик артрит менен жабыркаган 75 адамга изилдөө жүргүзүшкөн. Бейтаптар жумасына эки жолудан йога менен машыгып, эксперимент аяктагандан кийин йога менен алектенбеген топко салыштырганда алардын денелик жана психологиялык абалы 20 пайызга жакышырып, оорусу басаңдаганы аныкталган. 

Йога деген сөз санскрит тилинен алынып, "көнүгүү", "ыргактык", "шайкештик" ж.б. маанилерди билдирет. Жалпысынан алганда ал адам өзүнүн денесин, руханий, психикалык абалын башкарып, туруктуу абалга келишине үйрөтө турган көнүгүүлөрдөн түрат.

Жаңылыктар түрмөгү
0