БУУ: ЕБдин чек араларын бир тараптуу жаап салуу качкындардын абалын кыйындатат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНью-Йорк шаарындагы БУУнун имараты. Архив
Нью-Йорк шаарындагы БУУнун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы өзүнүн мындай көз карашын Европа биримдигинин ички иштер министрлеринин Кеңеши болор алдында жана ал бүтөрү менен Германия чек арада көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө айткандан кийин да билдирген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда кыймылды чектөө боюнча бир тараптуу чаралар качкындардын абалын оорлотушу ыктымал экенин, маселени чечүү боюнча ЕБ үчүн бирдиктүү чечим кабыл алыш керектигин БУУнун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (КИЖКБ) жекшемби күнү билдирди. 

БУУ КИЖКБнын мындай билдирүүсү Европа биримдигинин ички иштер министрлеринин Кеңеши болор алдында жана ал бүтөрү менен Германия чек арада көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө айткандан кийин жарыяланган.

"Миграциялык каатчылыкка байланыштуу чек ара көзөмөлүн күчөтүү боюнча ар кандай чаралар жөнүндө Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жакында эле жасаган билдирүүлөрү маселеге карата жалпы европалык чечим издөө зарылчылыгын гана баса көрсөтөт… КИЖКБны тынчсыздандырган нерсе – түрдүү жана бир тараптуу чаралар Европадан эл аралык укук тарабынан кепилденген коргоого жетебиз деп үмүттөнгөн качкындарды укуктук жактан белгисиз абалга калтырышы мүмкүн", — деп айтылат БУУнун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы жекшембиде өз сайтында жарыялаган документте.

Өз өлкөсүндөгү согуштан качкан мигранттар Венгриядагы атайы лагерьге чуркоодо. - Sputnik Кыргызстан
Венгриялык журналисттин качкындардын балдарын тепкилеп жатканы видеого түшүп калган
БУУнун аталган башкармалыгынын пикиринде, Европа биримдиги миграциялык каатчылыкты жоюу үчүн качкындарды кабыл алуу боюнча натыйжалуу иш алып баруучу борборлорду түзүп, бул ишке бардык кызыккан тараптарды, ошонун ичинде Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгын да тартышы керек. Мындай борборлор Грециядан, Италиядан жана Румыниядан келип жаткан качкындарга талаптагыдай жардам көрсөтүп, аларды каттап жана текшерүүдөн өткөрүшү зарыл. Бул борборлордун ишин качкындарды бир жерден экинчи жерге көчүрүү боюнча Еврокомиссия сунуштаган программаларды тез киргизүү менен колдош керек. Мигранттар ЕБдин башка өлкөлөрүнө калыс бөлүштүрүү жол-жоболорунун негизинде көчүрүлүшү зарыл. 

2015-жылдын башынан бери Европа биримдигинин аймагына 350 миңге жакын мигрант келген жана алардын саны күн санап өсүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0