Дүйнөдө биринчи жолу 3D-принтерден чыккан кабыргалар адамга салынды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүү3D-принтер. Архив
3D-принтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер 54 жаштагы испаниялык жарандын бир катар сөөктөрүн кесип алып, калган сөөгүнүн түзүлүшү татаал болгондуктан, 3D-принтерден чыккан кабыргаларды салууга аргасыз болушкан. Мында медиктер тарабынан колдонулуучу салттуу протездер тийиштүү натыйжа берген эмес.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Испанияда айыкпас илдетке кабылган жаранга 3D-принтерден чыккан кабыргалар салынганын РИА Новости билдирди. 

Дүйнөдө биринчи жолу жасалган мындай операцияга керектелүүчү титан протездери австралиялык Anatomics компаниясы тарабынан Мамлекеттик илимий жана прикладдык изилдөө уюмунун колдоосу менен иштелип чыккан.

Окумуштуулар: Бразилиядагы аарынын уусу ракты айыктырууга жардам берет
Дарыгерлер 54 жаштагы испаниялык жарандын бир катар сөөктөрүн кесип алып, калган сөөгүнүн түзүлүшү татаал болгондуктан, 3D-принтерден чыккан кабыргаларды салууга аргасыз болушкан. Мында медиктер тарабынан колдонулуучу салттуу протездер оорулууга тийиштүү натыйжа берген эмес. Мындан тышкары, андай имплантанттар бара-бара формасын жана сапатын жоготуп коёру белгилүү.

3D-басылмасы боюнча CSIRO эксперти Алекс Кингсбери кабыргаларды принтерден чыгаруу протез жасоонун салттуу түрүнөн алда канча жеңил болгонун белгилейт. Ал протез оорулуунун калган сөөгүн эсепке алуу менен жасалган.

Операцияга катышкан Хосе Аранда бардыгы ийгиликтүү өткөнүн маалымдады. Анын айтымында, 3D-принтерден чыккан кабыргалар оорулууга абдан туура келген.

Кабыргаларын алмаштырган жаран операциядан кийин 12 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп андан соң ооруканадан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0