Жырткыч аллоназаврдын сөөгү сатыкка коюлат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАукционго даярдык. Архивное фото
Аукционго даярдык. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыш Суссексте башкы лот катары аллозаврдын калдыктары аукционго коюулат. Иш-чаранын уюштуруучулары мындай өзгөчө экспонаттан 770 миң доллар пайда табабыз деген ишенимде.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Болжол менен 150 миллион жыл мурда жашаган жырткыч аллозаврдын сөөгү Улуу Британияда өтөт турган аукционго коюлганын Summers Place Auctions мекемесинин сайты кабарлайт. 

Жолборстун таманы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң коркунучтуу жырткыч аныкталды
Калдык жырткыч динозаврлардын катарына кирген аллозаврга таандык. Ал болжол менен юр доорунда, мындан 145-155 миллион жыл мурун жашаган. Узундугу эки метрге жеткен сөөк жаш аллозаврдыкы экени айтылууда, анткени, баралына келгенде жырткыч 8,5 метрге чейин жетет. Скелет АКШнын Вайонминг штатында табылган.

Аукциондун уюштуруучулары мындай өзгөчө экспонаттан 300 миңден 500 миң фунт (770 миң доллар) пайда көрөбүз деген ишенимде.

"Батыш маданиятында аллозавр тирранозавр менен катар белгилүү болгон байыркы жырткыч жаныбар. Сатыкка коюлуп жаткан аллозаврдын көлөмүнөн улам ал музейлердин эле эмес эң мыкты мейманкана ээлеринин да кызыгуусун жаратышы мүмкүн", — дейт аукцион үйүнүн жетекчиси Руперт Ван дер Верфф.

Evolution sale (эволюцияга арналган сатуу) аталышындагы аукцион Батыш Суссекс графтыгынын Биллингсхерст аймагында 25-ноябрда өткөрүү пландаган.

Аллозавр тууралуу көптөгөн адабий чыгармаларда жана ХХ кылымдын тасмаларынан жолуктурууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0