Россиянын премьери Медведев "Данакер" ордени менен сыйланды

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүАрхив: Медведев и Атамбаев во время встречи в резиденции "Горки"
Архив: Медведев и Атамбаев во время встречи в резиденции Горки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган сыйлык Кыргызстан менен ар кыл багытта кызматташып келе жаткан өлкөлөрүн башчылары, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер болуп жалпысынан 11 адамга ыйгарылган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди "Данакер" ордени менен сыйлаганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Атамбаев Назарбаевди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады
Орден россиялык өкмөт башчыга Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык кызматташуусун өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди. 

Орден 1999-жылы негизделген. Буга чейин аталган сыйлык Кыргызстан менен ар кыл багытта кызматташып келе жаткан өлкөлөрүн башчылары, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер болуп жалпысынан 11 адамга ыйгарылган. 

Акыркылардан болуп "Данакер" орденин Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0