Адам баласы унду 30 миң жыл мурун ойлоп тапканын окумуштуулар аныктады

© Sputnik / Александр Лыскин / Медиабанкка өтүүБуудай түшүмү. Архив
Буудай түшүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Италиянын түштүгүндө үңкүрлөрдүн биринде 32 миң жылча жаткан сок билектин бетинен археологдор таруунун, сулунун жана башка дандардын изин табышкан. Бул Жакынкы Чыгышта дыйканчылык пайда болордон бир топ убакыт мурун эле адам баласы унду ойлоп тапканын далилдейт.

БИШКЕК, 9-сен. – Sputnik. Италиянын түштүгүндө үңкүрлөрдүн биринен табылган нан бышырганга керектүү шаймандар менен байыркы ундун издери окумуштууларга адам баласы унду 30 миң жыл мурун, Жакынкы Чыгышта дыйканчылык пайда боло электе ойлоп тапканы жөнүндө кабар бергени Proceedings of the National Academy of Sciences журналында жарык көргөн макалада айтылат. 

Окумуштуулар: Бразилиядагы аарынын уусу ракты айыктырууга жардам берет
Бүгүнкү археологдор менен антропологдордун көпчүлүгү адам баласы аңчылык менен жыйноочулуктан дыйканчылыкка 12-13 миң жылча мурун өткөн деп эсептейт. Бирок акыркы жылдары палеонтологдор биздин бабалар данды тамак-ашка 20-30 миң жыл мурда эле пайдаланып, ал турсун, өстүрүүгө да аракет жасашканына көп далилдерди табышты.

Флоренциянын (Италия) байыркы тарых институтунан Анна Реведин (Anna Revedin) жана анын кесиптештери 20 жыл мурун Италиянын Пагличчи үңкүрүнөн табылган артефакттарды изилдеп жатып, адамзат нан бышыруу менен байыртан тааныш дегенге дагы бир далилди аныкташты.

Үңкүрдөн табылган эмгек шаймандары жана адамдын иш-аракетинен калган издер алгач окумуштуулардын көңүлүн өзүнө бурган эмес, себеби Пагличчиде башка дагы кызыктуу нерселер көп болгон. Алардын ичинде, Италияда табылган аскадагы сүрөттөр бар болчу дейт Реведин.

Анализ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окумуштуу катышкан топ өпкөнүн жогорку кан басымын дарылоочу генди аныктады
2010-жылы макаланын авторлору ошол үңкүрдөн табылган сок билекке жана башка нан бышырганга керектелчү деп болжолдонгон бир нече шайманга көңүл бурушкан. Окумуштуулар буюмдарды ар тараптуу изилдеп чыгып, алардын үстүнкү беттеринен майдаланган өсүмдүктүн издерин табууга аракет жасашкан. 

Сок билек дандардын крахмалданган жана башка бөлүкчөлөрү менен капталганы аныкталган. Өсүмдүктөр, кыязы, таруу менен сулунун жапайы түрлөрү болгон, андан тышкары, үңкүрдө жашагандар ошол сок билектин жардамы менен эмендин тобурчагын да жанчып майдалашкан. 

Кызыктуусу, унду бир нече баскычта даярдашкан өсүмдүктүн калдыктарынын абалына жана алардын катуу бөлүктөрү артефакттардан табылбаганына караганда, Пагличчиде жашагандар алгач данды кылканынан ажыратыш үчүн кууруп, анан гана унга айлантышкан көрүнөт. Ошентип, адам баласы унду жерди иштетүү башталардан бир топ мурда эле колдоно баштаган деп ырастоого негиз пайда болду. 

Дандарды бир нече баскыч менен иштетүү процесси унду даярдоо Жер шарынын ушул гана булуңуна мүнөздүү жаңы жана кайталангыс көрүнүш эмес экенин көрсөтөт. 

Ушундай эле тыянакка аталган окумуштуулар Италиянын башка жерлеринде, Воронеж облусунун байыркы европалыктар турган жерлеринде, ошондой эле Чехияда жүргүзгөн изилдөөлөр учурунда да келишкен. Ал аймактарда антропологдор да байыркы жашоочулар жапайы өсүмдүктөрдүн данын майдалап, тамакка пайдаланганын далилдеген жаргылчак жана башка артефакттарды табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0