Жаш бала компьютерде 2 000 саат ойногондон кийин каза болуп калды

© flickr.com / @sage_solarКомпьютердин клавиатурасы. Архив
Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 17 жашар улан компьютерде ойноп жатып, эсин жоготуп, ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

БИШКЕК, 2-сен — Sputnik. Башкыртстандын укук коргоо органдары үстүдөгү жылдын 30-августунда Учалы районунда үйлөрдүн биринен эсин жоготкон абалдагы жаш жигитти табышкан. 

Алдын ала аныкталгандай, 17 жашар улан бутун оорутуп алганына байланыштуу 2015-жылдын 8-августунан бери үйүндө отурган жана түнкүсүн компьютерде согуш оюндарын ойногон. 

"Жалпы эсеп менен 2014-жылдан бери ал 2000 сааттан ашык ойногон. Ишембиде да ойноп отуруп, эсин жоготуп коюптур. Ооруканага жаткыруу учурунда каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Баланын өлүмү боюнча Башкыртстандын тергөө комитети текшерүү иштерин жүргүзүүдө. 

Тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын аныктап жатат жана өлүмдүн себеби аныктоо үчүн сот-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0