Россиянын тургуну Air Guitar чемпионатында эң мыктылардан болду

© REUTERS / LEHTIKUVAКирилл Блюменкранц "аба" гитарасында ойноо боюнча дүйнөлүк чемпионаттында.
Кирилл Блюменкранц аба гитарасында ойноо боюнча дүйнөлүк чемпионаттында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Air Guitar World Championships конкурсунун жыйырма жылдык тарыхында Кирилл Блюменкранц гитарада ойноо боюнча башкы байгени утуп алган алгачкы россиялык болуп калды.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россиялык Кирилл Блюменкранц "аба" гитарасында ойноо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү болгону чемпионаттын расмий сайтында айтылат.

Конкурс 26-28-август күндөрү Финляндиянын Оулу шаарында өткөн. "Дүйнөдө тынчтык болсун" деген ураан алдында өтүп келген эл аралык мелдеш быйыл 20 жылдыгын белгилеп жатат.

Кирилл Блюменкранц өзүнүн АКШлык атаандашынан озуп, конкурстун жыйырма жылдык тарыхында баш байгени алган алгачкы россиялык болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0