Египетте сот "Ислам мамлекетинин" он эки согушкерин өлүм жазасына тартты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүм чыгарылгандардын бардыгы Египеттин армиясынын аскерлерине, полицияга кол салууга даярданышкандыгын моюндарына алышты.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Египеттин соту "Ислам мамлекетинин" он эки согушкерин Египеттин армиясынын аскерлерине, полицияга кол салууга ниеттенгендиги үчүн өлүм жазасына тартты. Бул туурасында Франс Пресс сот өкүлдөрүнө таянып маалымат берди.

Агенттиктин айтымында, өкүм чыгарылгандардын ичинен алты киши темир тордун артында отурат, ал эми калгандары дагы деле эркиндикте жүрөт. Жоопко тартылгандар Египеттин армиясынын аскерлерине, полицияга кол салууга даярданышкандыгын моюндарына алышты.

Алепподо кезектеги согуш сириялык 50дөн ашуун аскердин өмүрүн алып кетти
Өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан Шаркия провинциясында 12-сентярбрда боло турган кошумча сот отурумунда өкүм катуулатылып же жеңилдеши мүмкүндүгүн соттун өкүлү билдирген. 

Ушул эле провинцияда болгон башка соттук отурумдарда эки тууган "Ислам мамлекетинин" идеологиясын Facebook баракчасында тараткандыгы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөгө коркунуч жараткан негизги күчтөрдүн бири. Үч жыл ичинде террорчулар Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алган. Андан тышкары, алар Түндүк Африка өлкөлөрүнө, тагыраак айтканда, Ливияга өз таасирин жайылтуу аракетин көрүп жатат. Ар кайсы маалыматтарга ылайык, жалпы көлөмү 90 миң чарчы чакырымга жеткен көзөмөлүндөгү жерлерде согушкерлер халифат жарыялап, өз мыйзамдарын жана бийлигин орноткон.

"Ислам мамлекети" уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0