Алепподо кезектеги согуш сириялык 50дөн ашуун аскердин өмүрүн алып кетти

© AFP / GEORGE OURFALIANАлеппо шаары. Архив
Алеппо шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер Алепподо жайгашкан "Квейрис" базасын эки жагынан камалап, сокку урган. Биринчи чабуул 9-12-августта, экинчиси мындан эки күн мурда жасалган. Базадагы кармашта 62 согушкер жок кылынган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Сирия аскеринин 50дөн ашуун жоокери аскер аба күчтөрүнүн базасында "Ислам мамлекети" тобунун соккусуна кабылып курман болду. Бул туурасында Рейтер маалымат агенттиги Лондондогу адам укугуна мониторинг жүргүзүүчү борбордун маалыматы таянып билдирген. 

Ислам мамлекети экстремисттик уюмдун согушчаны. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети " Сириянын Мари шаарына кол салууда химиялык курал колдонду
Укук коргоочулардын айтымында, согушкерлер Алепподо жайгашкан "Квейрис" базасын эки жагынан камалап, сокку урган. Биринчи чабуул 9-12-августта, экинчиси мындан эки күн мурда жасалган. Базадагы кармашта 62 согушкер жок кылынган. 

Бүгүнкү күндө Алеппо эки тараптын — куралдуу топ менен аскерлердин колунда турат. Өкмөттүк аскерлер шаардын борбор бөлүгүн кошкондо, жалпы аймактын 60 пайызын кармап турушат. Ал эми калган башка бөлүктөрү согушкерлердин көзөмөлү алдында калды, алар "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-Нусра" уюмдары. 

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөгө коркунуч жараткан негизги күчтөрдүн бири. Үч жыл ичинде террорчулар Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алган. Андан тышкары, алар Түндүк Африка өлкөлөрүнө, тагыраак айтканда, Ливияга өз таасирин жайылтуу аракетин көрүп жатат. Ар кайсы маалыматтарга ылайык, жалпы көлөмү 90 миң чарчы чакырымга жеткен көзөмөлүндөгү жерлерде согушкерлер халифат жарыялап, өз мыйзамдарын жана бийлигин орноткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0